Карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы

Википедия дан

Карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы ― диалектиканын универсалдуу үч мыйзамынын бири. Бул закон өнүгүүнүн булагын, себептерин ачып көрсөтөт Карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы өзүнүн өнүгүшүндө объективдүү дүйнөнүн нерселери менен кубулуштарындагы байкалбаган, маанисиз багыттар (жактар), тенденциялар маанилүү айырмачылыктарга, а түгүл карама-каршылыктарга чейин өсүп чыгып, алар ич ара бири-бири менен карама-каршылыкта, күрөштө болот да, ошол нерсенин же кубулуштун өнүгүшүнүн ички булагы болуп калат. Ар бир нерсе өзүнө өзүнөн башканы да камтыйт. Ар кандай объектинин ички карама-каршылыгы – бир эле нерседе бир эле убакта карама-каршылыктар бири-бирине өтүп, сиңип жана бири-бирин танып турганында. Карама-каршылык, башкача айтканда активдүү аракет, кагылышуу, карама-каршылыктардын күрөшү болгондуктан гана өнүгүү боло алат. Күрөшүп жаткан карама-каршылыктар бири-бири менен биримдикте болушат, анткени алар бир нерсеге же кубулушка таандык. Мындай биримдик алкагындагы карама-каршылыктардын күрөшү өнүгүүнүн булагын түзөт. Бул мыйзам методологиялык гана эмес практикалык мүнөзгө да ээ. Ал өнүгүүнүн гана эмес, коомдук болмуштун (бытие) чегиндеги адамдардын ортосундагы каршылыктын булагын да көрсөтүп берүүгө жөндөмдүү. Демек, мыйзам боюнча бардык нерсе карама-каршылык менен ички каршылыктын негизинде кыймылга келип, өнүгүп турат. Мисалы, терс заряд менен оң заряддын өз ара тартылуусунан электр тогу пайда болот; бай – кедей, аял – эркек, жаш – кары, жакшылык–жамандык сыяктуу карама-каршылыктар болгон үчүн гана коом өнүгүп-өзгөрүп турат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]