Карасартов, Абдылда

Википедия дан

Карасартов, Абдылда (1935, Жети-Өгүз р-ну, Барскон кыштагы –1994, ошол эле жер) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Камень (1958–1961) ж-а Волков (1962–63) геол. экспедицияларынын өткөөлчүсү. 1963–86-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын Үчкошкон, Сарыжаз экспедицияларында өткөөлчү, өткөөлчүлөр бригадири. Кыргызстанда табылган калай кендерин геол. чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан. Ленин ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]