Абдылда Kарасартов

Википедия дан
Карасартов Абдылда‎»‎ барагынан багытталды)
Абдылда Kарасартов
Туулган датасы:

1927 жыл(1927)

Туулган жери:

Кулжа шаар

Абдылда Kарасартов - кыргыз жазуучусу, акын[1].

Абдылда Kарасартов Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында 1937-жылы 19-декабрда туулган. 1958-жылы Үрүмчү шаарындагы Шинжан институтунун тарых-география факультетин бүтүргөн. 1963-жылга чейин Шинжан педагогикалык институтунда жана орто мектепте мугалим болуп иштеп, ошол эле жылдын апрель айында Кыргызстанга келип, 1965-жылга чейин колхоздо иштеген. 1970-жылы КМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, «Кыргызстан пионери» гезитинде жана «Жаш ленинчи» журналында адабий кызматкер болгон.

Биринчи ырларын уйгур тилинде жазган жана 1955-жылы Үрүмчү шаарындагы «Молодой» журналына жарыялаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Мончок» деген ат менен 1979-жылы Фрунзеде кыргыз тилинде жарык көргөн[2]. Анын кыргыз жана уйгур тилдеринде жазылган ырлары жана аңгемелери Кыргызстандын гезит-журналдарында жарыяланып, өзүнчө китеп болуп чыккан. А.Карасартовдун кээ бир чыгармалары орус, азербайжан, түркмөн, казак, өзбек, уйгур, дунган тилдерине которулган. 1977-жылдан ардактуу эс алууда жана чыгармачылык менен алектенүүдө.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мончок: – Ф.: Мектеп, 1979. – 52 6.
  • Баканын ыры: – Ф.: Мектеп, 1981. – 12 б.
  • Кереметтүү чабак. Аңгемелер, жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1985. – 72 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Песня лягушки: – Ф.: Мектеп, 1982. – 10 с.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Каримов, Мирзохалим. Тарыхтын баатыры да, курмандыгы да болгон генерал Ысакбек Монуев, Азаттык үналгысы (16.7.2022).
  2. Kарасартов, Абдылда (1979). Мончок. Фрунзе: Мектеп.