Каратаев Мадаминжан Мусаевич
Каратаев Мадаминжан Мусаевич (12. 8. 1962-ж. туулган, Ош облусу, Араван району, Тепе-Коргон айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2009). КММИни (1986), ошол эле институтта аспирантураны бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жетектөөчү адис (1988–93), Чүй областтык саламаттык сактоо борборунун директору, «Манас» улуттук программа долбоорунда эксперт (1988–95), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Координация жана реформалоо башкы башкармалыгынын координатору жана башчысынын 1-орун басары (1995–2000), Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда проректор (2000). 2005–10-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, 2010-жылдан КММАда профессор Медициналык статистика жана саламаттык сактоо экономикасы боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монография, 20 окуу-методикалык куралы бар. Эмгектери: Финансирование здравоохранение Кыргызстана в условиях перехода к рыночной экономике (в соавторстве). Б., 2000; Методология организации профилактической работы среди женщин репродуктивного возраста (в соавторстве). Б., 2001.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9