Каратоко суусу, Чаткал району

Википедия дан

Каратоко суусу, Чаткал районуЧаткал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы. Узундугу 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3300 м. Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Каратоко көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж. б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м2/сек, эң көбү июнь–июль, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]