Кара-Балта суу сактагычы

Википедия дан
Кара-Балта, суу сактагыч‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Балта суу сактагычы – Жайыл районундагы Кара-Суу кыштагынан 6 км жогору жайгашкан. 1963-жылы курула баштап, 1964-жылы ишке киргизилген. Ал Кара-Балта суусу менен толот. Суу агымын жыл мезгилине жараша жөнгө салат. Сугатчылыкта пайдаланылат. Узундугу 2,45 км, эң жазы жери 1,25 км, эң терең жери 7,92 м, суу толгондогу аянты 0,49 км2, сыйымд. 4,3 млн м3. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 5 м3/сек. Плотинанын узундугу 197 м, туурасы 3 м, эң бийик жери 11,68 м. Жайыл районунун 1,68 миң га жерин суу менен камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]