Кара-Балта кен таш калдыгын сактоо жайы
Көрүнүш
Кара-Балта кен таш калдыгын сактоо жайы – Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын аймагында. 1952-жылы ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. Мында Кара-Балта тоо-кен комбинатынан иштетилип чыккан кен калдыктары (уран тобундагы элементтер) сакталат. Гамма нурлануусунун кубаттуулугу 30–220 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 баллга чейин. Экологиялык жактан дээрлик канааттандырарлык.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9