Мазмунга өтүү

Кара-Бий сурьма кенчеси

Википедия — ачык энциклопедия

Кара-Бий сурьма кенчеси – Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кара-Бий кырка тоосунун Түндүк капталында, Кара-Жантак кыштагынан 7 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийикте. 1961–92-жылдары мезгил-мезгили менен кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур жана карбон мезгилдеринин карбонаттерриген комплекстеринен түзүлгөн. Кен гидротерм таасирине дуушарланып, брекчияланган жана кеңдик багытта созулуп жаткан роговикжаспероид зонасына топтолгон. Негизги минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын Орточо өлчөмү 2,38%. Кен таштын болжолдуу ресурсу 29,9 миң т; сурьманыкы – 711 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]