Кара-Булак көрүстөнү

Википедия дан

Кара-Булак көрүстөнү – б. з. 2–4-кылымдарына таандык дөбө-мүрзөлөр. Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылынан 2 км түштүктө, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жайгашып, 900дөн ашык мүрзөдөн жана таш корумчалардан турат. Алар казанактуу жарма жана төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөр. Көрүстөндөрдүн жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзөлөрдүн диаметри 6-25 м, бийиктиги 0,30-1,7 м. Жарма көрлөргө көмүлгөн адамдардын сөөгү чалкасынан же оң жак капталына жаткырылган абалда, баштары түштүккө багытталып, саман же арча бүчүрлөрү төшөлүп, табытка салынып коюлган. Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзөлөр да кездешет. Мүрзөлөрдөн жибек кездемелер, чопо жана жыгач идиштер, темир бычак, жаңгак, койдун сөөктөрү салынган себеттер, отургучтар жана башка буюмдар көп табылган. Эркектер көмүлгөн мүрзөлөрдөн канжар, жаа, жебенин учтары, ал эми аялдар коюлган көрлөрдө азем буюмдар (анын ичинде индиялык бийчи аялдын сөлөкөтүндөгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийиктин башы, себеттер көбүрөөк кездешкен. 1954–59-жылдары археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-жылы археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзөнү казып, изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]