Кара-Буура, суу сактагыч

Википедия дан

Талас өрөөнүндө. 1965-жылы курула баштап, 1975-жылы ишке киргизилген. Негизинен сугатчылыкта пайдаланып, өнөр-жай ишканаларын суу менен камсыз кылат. Суу агымын сезон боюнча жөнгө салып турат.Узундугу 14км, эң жазы жери 3км, эң терең жери 72м, суу толгондогу аянты 28,6км2. Сыйымдуулугу 550 млн м3. Талас областынын 142 миң га жерин, Казакстандын айрым районунун 60 миң га жери сугарылат. Плотинасынын узундугу 258,5м, эң бийик жери 83,7м. Гидротехникалык курулушу татаал. Өлкөдөгү контрфорс(жеткиликсиз шилтеме) тибиндеги курулган тунгуч плотина. Бири-бирине тутумдашкан 10 бөлүктөн турат (ар биринин туурасы 22м). Суусактагыч V формасында.

Аталышы Кара-Буура суу сактагычы
Аянты 28.6км2
Узундугу 14км
Жазы жери 3км,
Терең жери 72м
Сыйымдуулугу 550 млн м3

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]