Кара-Коюн өрөөнү

Википедия дан

Кара-Коюн өрөөнүИчки Теңир-Тоодогу Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгү. Ат-Башы районунун аймагында. Түндүгү Кум-Бел жана Ойнок-Жар адырлары, чыгышы Ат-Башы кырка тоосу менен чектешет. Батышы Арпанын Ала-Тоосунун айрыгындагы Беш-Талаа түздүгүнө өтөт. Чыгышта Чеч-Дөбөдө Ат-Башы суусунун өрөөнүнө кошулат. Узундугу 65–70 км, туурасы чыгышта 10–12 км, батышта 4–5 км, бийик жери 2800–3000 м (батыш жагы), жапыз жери 2100–2200 м (чыгышы). Аллювий-пролювий шилендилеринен түзүлгөн түздүк. Өрөөн аркылуу Кара-Коюн суусу түштүктөн түндүк-чыгышка карай агат; 5–7 тектири бар. Климаты кургак, континенттик. Июлдун Орточо температурасы 10–15 С, айрым жылдары 22–33°С январдыкы –7°Сден – 12°Сге, кээде –20°Сден –30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Топурагы бозомук жана күрөң, тоо бетинде каралжын. Ландшафты чыгышында саздуу түздүк, түндүгү жантайма шлейфтүү кургак талаа, батышы субальпка жакын тулаңдуу түздүк, түштүгү тектирлүү талаа. Өсүмдүктөрдөн доңуз сырты, бетеге, шыбак, тарак баш, шыраалжын, кара кыяк жана башка басымдуу. Өрөөн аркылуу Бишкек-Торугарт автомобиль жолу өтөт. Казыбек, Кара-Суу, Кара-Булуң, Дыйкан, Кызыл-Туу кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]