Кара-Кужур тоосу

Википедия дан

Кара-Кужур тоосуТескей Ала-Тоонун түштүк-батыш тармагы. Белче жана Үкөк сууларынын (Кара-Кужурдун оң куймалары) ортосунда дого сымал 20кмге созулуп жатат.

Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4211 м (Корго чокусу). Тоонун кыры тик, аскалуу, түндүк-чыгышы мөңгүлүү. Түштүк капталы Кара-Кужур өрөөнүнө карай жантайыңкы жана батыш капталдары кыска, Белче суусуна тик түшөт. Жарым чөл жана кургак талаа (2500 мге чейин), бадал аралаш-кан шалбаалуу талаа (2500–3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан географиясы / Мамлекеттик энциклопедия борбору. – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]