Кара-Кулжа минералдуу суусу
Көрүнүш
Кара-Кулжа минералдуу суусу дарылануу жана ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Ош облусунун Совет районунда, Кара-Кулжа суусунун оң жак өйүзүндө, Музтөр жана Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңгээлинен 2700 – 2900 м бийиктикте. Булак жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1953-ж. геол. маалымат берилген. Кен байлыгын карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып ири антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Булак антиклиналдык бүктөлүштүн түндүк канатындагы тектоникалык жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, мала туз даамданат. Температурасы 8 – 9°С. Курамы боюнча гидро-карбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1л/сек. Ичеги карын ооруларын ичүү жолу менен дарыласа болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7