Кара-Кулжа (топоним)

Википедия дан

Кара-Кулжа - топоним.

Эпосто сай, жер жана тоонун аты катары айтылат: “Айдап жылкы сугартып Кара-Кулжа сайына”; “Адам калбай келсин деп, Кошунуна чакырды Кара-Кулжа, Тарынан, Көкүрөк, Көкарт баарынан, Каралма кайкы белинен” деген саптардан көрүнгөндөй Кара-Кулжа Алтайдан көчүп келген Манастын эли жашап турган жер.

Эпосто төмөнкүдөй Кара-Кулжанын элдик этимологиясы чечмеленет: “Кароолдуктун тоосунан” “Капкара болгон Кулжадан” “Элүү төртүн атышып...” “Баатырлар жолго салыптыр” аты ошого байланыштуу пайда болуптур. Геогр. реалияда К. азыркы Ош облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан суунун, өрөөндүн, райондун, кыштактын аты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2