Кыргыз автономиялуу облусу

Wikipedia дан
(Кара-Кыргыз автономиялуу облусу барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз автономиялуу облусу (КАО), 1925-жылдын май айында чейин ― Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (ККАО) ― ОСФСРдин курамындагы административдик-аймактык бирдик, Советтер Союзунун алкагындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баштапкы калыпы.

Тарых[оңдоо | булагын оңдоо]

Түркстан крайында Совет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917-жылы) менен улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан. Бүткүл Союздук БАКтын 1920-жылы 27августта «Түркстанды администрациялык жактан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токтомунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сындаган жана кыргыздар (кара кыргыздар) өз автономиясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (башкача айтканда Казак) Республиканын алкагына киргизилери жөнүндө сунуш жактырылган. 1924-жылы 14-октябрда Москва Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган, ага ылайык Кара кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы Кара кыргыз автономиялуу Облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М. Каменский, Облустун Революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитетинин төрагалыгына И. Айдарбеков бекитилген. Кара кыргыз автономиялуу Облустуна Түркстан АССРинин Жети-Суу Облусунун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уездинен 10; Фергана Облусунун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уездинен 9, Сыр-Дарыя Облусунун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара кыргыз автономиялуу Облусунун аймагы 195,7 миң чарчы км, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, анын ичинде 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. Кара кыргыз автономиялуу облусу. Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыштак, 5 хуторду камтыган. 1925ж. 27–30-мартта Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара кыргыз автономиялуу Облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Революциячыл комитет күчүн жоготуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө жана 12 кандидаттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Каменский жана башка кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоорун түзүү иши тапшырылган жана «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү область эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу жана башка сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылы 25-майынан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылы 1февралынан Кыргыз АССРи деп аталган.

1922-жылы 30-декабрда курамы ОСФСР, ЗСФСР, УССР, БССР турган СССР жарыяланган. Кыргыздар РСФСРдин курамындагы Түркстан АССРине кошулган. Бирок, кыргыздар Түркстан АССРинин Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд областарында чачыранды абалда кала берген. Ушундай тарыхый кырдаалда кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп, улут катары сакталып калуу же калбоо маселеси күн тартибинде турган.

1921-жылы большевиктик партиянын X съездинде улут маселеси коюлат. Ал боюнча СССРдин курамындагы элдердин улуттук турмуштук шарттарына дал келгидей советтик мамлекетти куруп бекемдеп, өнүктүрүү, жергиликтүү элдердин коомдук-саясий турмушунда, административдик башкаруу системасында, чарбалык органдарда иш кагаздарын эне тилинде жүргүзүү, жергиликтүү кадрларды өстүрүү маселелери каралган. Ушундан кийин улуттардын жана элдердин өкүлдөрү тарабынан өз алдынча советтик мамлекеттерди куруу демилгелери айтыла баштаган. Ошентип, биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында кыргыздардын өз алдынча административдик областын түзүү демилгесин 1921-жылы көтөрүп чыгышкан.

Бул маселенин талаш-тартыштарга карабай коюлушунун себеби кыргыз эли ар кайсы областарга, уезддерге кирип, чачыранды абалда болушу, элдин социалдык экономикалык жана маданий өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жараткан. Экинчиден, областтык башкаруу структурасында казак жана кыргыз топторунун ортосунда карама-каршылык күчөгөн. Мындан башка дагы бир себеби болуп 1920-жылы Кыргыз (Казак) автономиясы түзүлүп, ага Сыр-Дарыя менен Жети- Суу областарын киргизүүгө казактар аракет кылышып, ал улут иштери боюнча Элкомсовдо жактырылып эки облус тең казак автономиясына кирип калган.

Бирок кыргыз элинин улуттук суверенитети жөнүндө маселе татаалдашкан. Кыргыз элинин консолидация болушуна коркунучтуу абал түзүлгөн.

Мына ушундай шартта 1922-жылы март айында Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыковдор кайрадан Тоолуу облус түзүү боюнча маселени көтөрүп чыгышкан.

1922-жылы 25-мартта Түркстан КП (б)нын Борбордук комитети Жети-Суу областын райондоштуруу жөнүндө токтом чыгарат. Ал боюнча Прежевальск, Нарын, Пишпек ж-на Аулия-Ата уездинин тоолуу бөлүктөрүн камтыган Түркстан республикасынын курамындагы Тоолуу областы түзүлгөн. Бирок Тоолуу облустун түзүлгөнүнө Р.Кудайкулов баштаган топ каршы чыгышкан.

Бул топту Ташкенттеги казак жетекчилигинин бир бөлүгү колдоого алышкан. Кыргыз элин "казактардын эле бөлүгү" дешкен. Бул маселе Сталинге чейин жеткен. Партиянын Жети-Суу обкому 1922-жылы 4-июнда Пишпекте уюштуруу съезди чакырылып, бирок Сталиндин көрсөтмөсү менен съезд таратылган. Ошентип 1922-жылы декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча мурун кабыл алынган чечимди жокко чыгарган.

1923-жылы СССРде улуттук автономияларды түзүү жана улуттардын тең укуктуулугу боюнча маселелер кайра карала баштаган. Анын негизинде Түркстан АССРинин курамындагы кыргыз элине автономиялуу област статусун берип, мурункудай Түркстан АССРинин эмес РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөн.

Бул 1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясынын улуттук чек араларды бөлүштүрүү жана РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндө токтому менен бекитилет.

Бул жерден да Сыдыков менен Кудайкуловдун тобунун ортосунда, тирешүү болгон. Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаевдар Кара Кыргыз Автономиялуу областы түздөн-түз РСФСРге кирсе дурус болот дешкен. Бул маселе зор кыйынчылыктар менен ишке ашкан. Анын себеби кыргыздар казактардын же башкалардын курамына кирсе өз алдынча өнүгүүсүнө тоскоол болмок, анткени чарбалык маданий жактан окшоштуктары болгон. Эң негизгиси алар менен теңата иш алып баруу болгон. Экинчи топтун башында Рахманкул Кудайкулов туруп, Дүйшөналы Бабаханов, Ы.Тойчуновдор болушкан. Алар Кара-Кыргыз автоном облусунун Кыргыз (Казак) АССРинин курамында болуусун каалашкан.

1924-жылдын 18-октябрында РКП БКнын саясий бюросунун чечими ылайык М.Д. Каменский жетектеген Кыргыз обкомунун уюштуруу партиялык бюросу түзүлөт.

1924-жылы ноябрь айында кыргыз облустук партиялык уюмунун бюросу Ж.Абдрахмановду экинчи катчылыкка дайындайт. Ревкомдун төрагалыгына И.Айдарбеков дайындалган. Ревкомдун алдына мамлекеттик бийликти уюштуруу, областык башкаруу аппаратын түзүү, областы административдик-территориялык жактан райондоштуруу, Советтердин учредителдик съездин даярдоо жана өткөрүү тапшырмалары коюлган.

Ревком тарабынан даярдалган Учредителдик съезде А.Сыдыков менен Кудайкуловдордун ортосунда кызмат үчүн тирешүүлөр болуп, Кыробкомдун партиясынын биринчи секретары М.Д.Каменскийдин көмөгү менен Кудайкуловдун тобу жеңип чыккан. А.Сыдыковдун жактоочусу, ревкомдун торагасы И. Айдарбеков өзүнүн кызмат ордунан төмөндөгөн. Областык аткаруу комитетинин төрөгасы болуп эки топко тең кирбеген, Кыргызстанда совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан А. Орозбеков шайланган.

1925-жылы май айында РСФСР ББАКтын чечими менен Кара-Кыргыз автономиялуу областынын "карасы" алынып кыргыз автономиялуу областы болуп өзгөргөн. Кыргыз автономиялуу областынын аткаруу комитетинин 3-сессиясы Кыргыз автономиялуу областын Кыр автономиялуу республикасы деп жарыялайт, ал эми 1-февраль 1926-жылы ББАКтын президиумун чечими менен бекитилет.

А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, И.Арабаев, А.Орозбеков сыяктуу инсандарыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүп негизделишине салым кошуп, кыргыз улутунун гулдоп, өнүгүшү жана келечек муун үчун өздерүнүн өмүрүн арнашкан.

Булактарга шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ - национальный лидер. - Б.: Кыргызстан, 1992. - 183.
  • Курманов З.К. “А. Сыдыков” Бишкек; 2002.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Джуманалиев Акылбек. Политическое развитие Кыргызстана (20–30-годы). – Бишкек: Илим, 1994. 150 бет.
  • Джуманалиев Акылбек. Кыргызская государственность в ХХ в. (Документы, история, комментарии). – Бишкек, 2002. – 600 б.
  • Айсабек уулу Арген - "Политическая Развития Кыргызстана ХХI к. 1996(Документы, история, комментарии)