Кара-Кырчын
Көрүнүш
Кара-Кырчын —топоним. Кытайлар менен болгон экинчи урушта атынан жана кырк жолдошунан ажырап жоонун курчоосунда жөө калган Манасты көп колу менен келген Кошой куткарат. Ошондо өз жерине кайткан жоокерлердин жолунун сүрөттөлүшүндө: "Кайра тартып Алтайдан, Кара-Кырчын, Тал-Мазар Бойлоп көп кол конду эле" (Саякбай Каралаев, 1. 161),— деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4