Кара-Кыр тоосу

Википедия дан
Кара-Кыр, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Кыр тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Терек жана Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3900–4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашка-Суу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колот көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо жана акиташ тектеринен турат. Субальп жана альп шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин) басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]