Кара-Кыштак
Кара-Кыштак —топоним. "Мажму ат-таварих" боюнча К. -К. Манас баатыр мекендеген жер катары айтылат. Калмактар менен кыргыздардын урушунда Манас он үч жеринен катуу жарадар болуп, калмак каны Жолой К.-К-ты талап, Якуб-бекти (Жакып) туткундап кетет. Жолойдун кол алдындагы Тубай деген киши К. -К-ка келип Манасты ууландырат. Тубай дагы Көзкаман сыяктуу калмактан аял алып, алардын динине кирип, кыргыздарга келип чыккынчылык кылат. Тубайдын Манасты ууландырышы, башкы баатырдын өлүп, тирилиши жөнүндөгү окуя К.-К-та өтөт. "Манас" эпосунун негизги варианттарында да К.-К. кыргыздардын байыркы мекендеген жерлеринин бири катары айтылат. Географиялык реалияда Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, азыркы Мерке районунун аймагында жайгашкан өрөөн. Баш жагы кенен, түндүк-батышта Терек суусу кошулгандан кийин, Кара-Дөбөнүн тушунда кууш капчыгайга айланат. К.-К. мал-жанга ыңгайлуу; жайкысын — жайлоо, кышкысын кары аз болгондуктан кыштоо катары пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4