Карамарт
Көрүнүш
(«Кара-Март, Сузак району» барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Карамарт
|
Карамарт[2] ― Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1280 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 39 км түндүк- чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол станциясынан 37 км. Калкы 3918 киши (2023-жылы)[1]; негизинен мал менен алектенет. Эки орто жана негизги мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, оорукана, бейтапкана жана башка бар. Кыштактын аты «март өсүмдүгү көп» деген маанини билдирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору.