Кара-Мык, Чоң Алай району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара-Мык, Чоң Алай районуОш Облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округунун борбору. Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2360 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 41 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол станциясынан 376 км. 19-кылымдын башында негизделген. Калкы 2485 (2007); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит, чек ара заставасы, сейсмология станциясы, байланыш түйүнү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]