Мазмунга өтүү

Кара-Ой кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кара-Ой кум-шагыл кени Талас районунда, Кара-Ой кыштагынын жанында, Чоң Чычкан жана Үчкошой суулары кошулган жеринен 1,5 км түштүктө жайгашкан. 1981–82-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Кум-шагыл Үчкошой суусун бойлой жайгашып, кашат тектирди түзүп жатат. Узундугу 1760 м, жазылыгы 100 м аянтты ээлейт. Шагыл жакшы жумуруланган. Гранулометриялык курамы: 500–70 мм – 49,02%, 70 – 5 мм – 31,53%, 5 ммден майдасы – 19,45%. Шагылды майдалагандан кийин "300", "400" маркасындагы бетонго, кумду жолго пайдаланса болот. Кендин запасы: А категориясы боюнча 576 миң м, В – 504 миң м3, С1– 2844 миң м3, А+В+С1– 3924 миң м3, С2– 1536 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]