Мазмунга өтүү

Кара-Тай кум-шагыл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кара-Тай кум-шагыл кени - Ош Облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 20 км чыгыш тарапта, Талдык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310–1400 м бийиктикте. 1967–69-жылы Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Кен аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, андагы кум-шагыл катмары 3,5 кмге созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланып, жылмаланган. Кенде ири койташтар 3,7%, шагыл 73,4%, кум 22,9%. Кумдун арасында 12–13%ке чейин чаң менен чопо бар. Кендин запасы 7823 миң м3. Кумду жууп, чоподон арылткандан кийин бетонго кошсо болот. Шагылды Ош шаарындагы курулуш мекемелери пайдаланууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]