Кара-Таш, Ноокат району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара-Таш, Ноокат району, Калинин – Ош Облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кара-Таш айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1540 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 6 км Түштүк тарапта. Ош темир жол станциясынан 56 км аралыкта. Калкы 8056 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, оорукана, бейтапкана, дарыкана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, кичи устаканалар жана башка иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]