Кара-Таш ("Манас" эпосу)
Кара-Таш ("Манас" эпосу) —топоним. Эпосто Манас Бээжинге кол топтоп аттанганда басып өткөн жерлердин бири:
Как Чөмүчтүн башына,
Кашага, Кара-Ташына
Кымкаптаган чатырга,
Чай кайнатып нан салып,
Сары аякка бал салып,
Чатыраш ойноп даң салып (Сагымбай Орозбаков, 4. 112 — 113).
Географиялык реалияда Чүйдүн Чөмүч өрөөнүндөгү микротопоним.
2. Кара-Таш —топоним. Манастын кытай-калмактар менен болгон экинчи жолку урушунда душмандардын Каражой мергени (Кожожаштын атасы) "Алачыктай кара таш Кара-Таштан Манасты" (Саякбай Каралаев, 1. 156) тосуп, анын Торучаар тулпарын атып өлтүрөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4