Кара-Тоо фосфорит бассейни

Википедия дан

Кара-Тоо фосфорит бассейни - Казакстандын Жамбыл жана Чымкент Облусунун аймагында. Кара-Тоо кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталында жайгашкан. Узундугу 125 км болуп, созулуп жаткан тилкеден турат. Кен биринчи жолу 1936-жылы ачылып 1937–39-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946-жылдан казылып алынат. Фосфорит катмарларынын калыңдыгы 80 мге жетет. Кен кембрий мезгилинин башында пайда болуп, Чолок-Тоо геологиялык свитасында орун алган. Фосфорит кени 30–35 м калыңдыктан турат. Фосфорит горизонту тектоникалык жаракалар менен туш келди жарылып, 45 участкага бөлүнөт. Булардын ар бири өз алдынча фосфорит кени болуп саналат. Фосфорит таза жана кремнийлүү, карбонаттуу түрлөрдөн турат. Эң таза жана жогорку сапаттагы карбонаттуу фосфориттерде P2O5 25–30%ке жетет. Бассейнде фосфориттин жалпы баланстык запасы 15 млрд тоннага барабар. 1970-жылдан баштап Ак-Сай, Жаңы-Таш кендери ачык казылып алына баштаган. Чолок-Тоодо фосфорит штрек менен жер астынан өндүрүлөт. Бассейндеги фосфорит кендеринин базасында (Кара-Тоо шаары) тоо-химиялык комбинат ишке киргизилген. Комбинат фосфорит унун, ошондой эле узундугу 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын P2O5 28%тен жогору байытылган концентраты, Р2О5 23%тен ашык товардык кен ташты даярдайт. Таразада суперфосфат, Чымкентте фосфор заводу иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]