Кара-Тыт көмүр кени
Кара-Тыт көмүр кени - Жалал-Абад Облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 20 км түндүктө, Ат-Ойнок тоосунун түштүк-батыш тармагында. 1954–55-жылдары геологиялык картасы түзүлүп, 1982–85-жылдары чалгындалган. Юра катмарлары брахисинклиналдык ири бүктөлүүнү түзөт. Көмүр кабаттары юра катмарларынын астыңкы бөлүгүндөгү таш көмүр свитасында жайгашкан. Таш көмүр свитасында көмүрлүү эки комплекс бөлүнгөн. Өнөр жайлык маанидеги «Негизги» кабат жогорку көмүрлүү комплекс менен байланышкан. Кабат өтө татаал түзүлүштө. Запасы эсептелүүчү кабаттын калыңдыгы 0,30 мден 15,24 мге чейин, Орточо калыңдыгы 4,56 м. Астыңкы көмүрдүү комплексте өнөр жайлык мааниге ээ болбогон «Ортоңку» жана «Төмөнкү» деп аталган эки кабат бөлүнгөн. Көмүр сапаты боюнча таш көмүрдүн узун жалындуу маркасына (Д) таандык. Күлдүүлүгү жогору – 40%ке чейин, орточо 20%ти түзөт. Күйүү жылуулугу 30,0 МДж/кг (7167 ккал/кг). Жер үстүнөн ачык жол менен казып алууга жарамдуу көмүрдүн бекитилген запасы 1997-жылга карата В+С1 категориясы боюнча 28658 миң тонна. Көмүр казылып алынууда. Жер астынан казып алынуучу көмүрдүн запасы С1+С2 категориясы боюнча 17883 миң тонна.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9