Кара-Шаар

Википедия дан

Кара-Шаар (Чоң шаар маанисинде) —топоним. Эпостун негизги варианттарында учурайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: "Жери Шыйкуу, Суушаңда, Калаасы Кара-Шаар болуп, Жердеген экен ошондо" (Сагымбай Орозбаков, 1. 155),— деп Жакыптын жердеген мекени катары айтылса, кээде кытайдын жери (шаары) катарында да учурайт:

Беш калааны айланып,

Бээжин минер мал экен.

Кара-Шаарды айланып

Калдайлар минер мал экен (Сагымбай Орозбаков, 3. 191).

Чоң казатка аттанган Манастын колу Бээжинге бараткан жолдо К.-Ш. аркылуу өткөну айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 92).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4