Кара-корум волластонит кендери

Википедия дан

Кара-корум волластонит кендери - Чаткал районунда, Жаңы-Базар кыштагынан 10 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2069-2800 м бийиктикте.

Кен 3 участоктон турат: Кара-Корум I (аянты 0,1 км2), Кара-Корум - II (0,6 км2) жана Түштүк (0,04 км2). Мраморлошкон акиташ тектери менен Чукур-Сай диориттуу штогунун чегинде жатат. Скарноиддердеги волластониттердин өлчөмү 1,5%тен 88,47%ке чейин.

Ак жана агыш-боз түстөгү волластонит ири жана майда кристаллдык агрегаттардан, түрдүү кристаллдардан турат. Волластонит концентратын фарфор-фаянс, металлургия жана лак-краска өнөр жайында пайдаланууга болот. Өндүрүштөгү калдыктары (анда волластонит 34-56%ти түзөт) гранат, диопсид, кварц курулуш материалдарын - кыш, блок, плита ж.б.даярдоого жарамдуу. Волластониттин запасы түштүк кенинде C1+ С2 категориясы боюнча 0,361 млн т, Р1 - 0,478 млн т , Кара-Корум II кенинде B+C1 - 1,59 млн т, С2 - 17,13 млн т, Р1-13,0 млн т, Каракорум I кенинде C2+P1-1,76 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6