Кара-Көл суусу

Википедия дан
Кара- Көл, агын суу‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Көл суусуОш Облусунун Ноокат районундагы суу, Араван-Сайдын оң куймасы. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан агып түшөт. Узундугу 41 км (Айыр-Ташты кошкондо), алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2900 м. Айыр-Таш суусу Алтын-Казык тоосунун Түштүк, Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан башталган майда суулардан түзүлүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жер-Арык суусу менен кошулат да, Кара-Көлдү түзөт. Жылдык орточо чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймалары: Шанкол (сол), Жаңы-Сай, Жар-Коргон (оң) жана башка Суусу Араван-Сайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңы-Баш, Кара-Баш жана башка кыштагы жайгашкан. Өрөөндө суунун сугатка жетишсиздиги байкалууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]