Кара деңиз Экономикалык Кызматташтыгы (КЭК)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара деңиз Экономикалык Кызматташтыгы (КЭК) - Уюмду түзгөн өлкөлөр: Албания, Азербайжан, Болгария, Армения, Грузия, Молдова, Румыния, Россия, Түркия, Украина, Греция.

Кийинчерээк уюмга кошулган мамлекеттер: Сербия. Мүчөлүккө кабыл алынбаган мамлекеттер: Түштүк Кипр Рим Бөлүгү, Карадаг. Бул эки мамлекет уюмга мүчө болуу үчүн кайрылышкан болчу. Бирок Түркия менен Греция вето койгондуктан, мүчөлүккө кабыл алынган эмес. Байкоочу мамлекеттер: Германия, АКШ, Австрия, Белоруссия, Чехия, Франция, Хорватия, Израиль, Италия, Египет, Словакия, Тунис.

Көптөгөн кылымдар бою Кара деңиздин жээгинде түрдүү цивилизациялар жашап өткөн. Кара деңиз аймагы ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү диндеги жана ар түрдүү маданияттагы элдердин биригүүсүнө күбө болгон жер болуп саналат. Бирок бул биригүү процесси ар дайым эле ийгиликтүү боло берген эмес. Кээде тынчтык менен бейпилдик өкүм сүрсө, кээ бир учурларда согуштар менен чыр-чатактар болуп турган. Ошондой болсо да Кара деңиз өнүккөн соода тармагынын жана байланышынын борбору болгон. Бул аймакты мекендеген өлкөлөр ар дайым тынчтык көпүрөсүн курууга аракеттенип келишкен.

Европа менен Азияны бириктирген Улуу Жибек Жолун буга мисал кылсак болот. Улуу Жибек Жолу эки континентте жашаган калктын байланыш куруусуна, түрдүү маданияттардын жанданып, гүлдөп- өсүшүнө жана биргеликте өнүгүүсүнө негиз болгон. Кара деңиз экономикалык кызматташтыгы (КЭК) жөнүндө пикир 1980-жылдардын соңунда Чыгыш Европа мамлекеттери менен Советтер Союзунун ортосунда кескин түрдө өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде ортого коюлган.

КЭКти түзгөн мамлекеттер Кара деңиздин жээгинде жайгашкан өлкөлөр болуп саналат. Алар - СССР, Түркия, Румыния жана Болгария. СССР тарагандан кийин көзкарандысыз мамлекеттерден түзүлгөн КМШ өлкөлөрүнөн Россия, Украина, Азербайжан, Молдова, Грузия жана Армения куруучу мамлекет катары таанылган. Кийинчерээк Кара деңизде жээги болбогон Греция менен Албания дагы уюмга мүчө болгон. КЭКке байланыштуу болгон алгачкы жыйын Түркиянын демөөрчүлүгү менен 1990-жылы 19-декабрда Анкарада өткөрүлгөн. Ага Түркия, мурдагы Советтер Союзу, Румыния жана Болгариянын расмий делегаттары катышкан. Советтер Союзунун атынан Азербайжан, Грузия, Молдова жана Армения мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жардамчылары катышкан. Жыйында тараптар Түркия тарабынан даярдалган жана сунушталган кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндөгү долбоорду карап чыгышкан. Жыйынтыгында «КЭКтин курулушу жөнүндө» келишим түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. 1991-жылы 12-13 март күндөрү Бүкреште, 1991-жылы 23-24 апрелде Софияда адистик жыйындар өткөрүлгөн. Бул жыйындарда КЭКтин негизги максат жана принциптери иштелип чыгып, кол коюла турган абалга келтирилген.

Москва жыйынында тараптар КЭК келишимине Түркияда өткөрүлө турган кезектеги жыйында кол коюша тургандыгын билдиришкен. 1992-жылы 3-февралда Түркияда Россия, Түркия, Румыния, Азербайжан, Армения, Грузия жана Молдованын премьер- министрлери, Украина менен Болгариянын тышкы иштер министрлери катышкан жыйын болуп, мында КЭКке байланыштуу бардык документтер каралып чыккан. 1992-жылы 25-июнда Стамбулда болуп өткөн саммитте КЭКтин түзүлүшү жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Бул саммитке тогуз мүчө мамлекеттен сырткары кийин мүчө болуп кошулган Греция менен Албаниянын да президенттери менен өкмөт башчылары катышкан. Ошентип, саммитте келишимге кол коюлуп, уюм расмий түрдө иштей баштаган. КЭКке мүчө болгон өлкөлөр мамлекеттер аралык, парламенттер аралык уюмдарды жана иш чөйрөсү менен каржы уюмдарын кучагына алган чоң бир уюм уюштурган. КЭК бул уюмдун алдында иш жүргүзөт.Ал эми бул уюм болсо мүчө мамлекеттердин КЭК менен байланыштуу болгон бардык ой- пикирлерин, сунуш-талаптарын координациялайт. КЭК бул иш чөйрөсүндө бюрократияга баш ийбестен иш алып барат жана ал бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

мамлекеттер аралык уюмдар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: Мүчө мамлекеттердин Тышкы Иштер министрлеринин Жыйыны, алфавиттик тизмеге карай тандалган жана ар алты айда өзгөрүп туруучу жыйындын жетекчиси, жогорку даражадагы кызматчылардын жыйыны, жумушчу топтору жана адистерден түзүлгөн туруктуу эмес жеке жумушчулар тобу. Бул топтор Тышкы Иштер министрлеринин Жыйынында түзүлөт жана КЭКке тиешелүү бардык иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттендирилет. Жумушчу топтору төмөнкү тармактарда иш алып барат: илим жана техникалык жаатындагы кызматташтык, банк иштетүү, каржы, статистикалык маалыматтар жана экономикалык маалыматтардын алыш-бериши, транспорт, өнөр-жай жана соода-сатык жаатындагы кызматташтык, байланыш, экологияны коргоо жана туризм тармагында кызматташтык, дыйканчылык жана айыл-чарба индустриясы, мыйзамдарга байланыштуу маалымат берүү, энергетика.

Парламенттер аралык уюм КЭКтин астындагы Парламенттик Ассамблея болуп эсептелет. Ал 1993-жылы Албания, Армения, Грузия, Молдова, Румыния, Россия Федерациясы, Түркия жана Украинанын ортосунда бекитилген жана 1993-жылы 26-февралда Стамбулда кол коюлган декларациянын негизинде күчүнө киргизилген. Негизги максаттары төмөнкүлөр: - КЭКке мүчө мамлекеттердин тарыхый окшоштуктарынан пайдаланып, бул өлкөлөрдүн калкына уюмдун негизги максат жана принциптерин түшүндүрүү. - КЭКтин астындагы экономикалык, соода-сатык, социалдык, маданий жана саясий кызматка байланыштуу болгон иш- аракеттерге мыйзамдуу түрдө колдоо көрсөтүү жана уюмдун алдындагы максаттарына жетүүсүнө жардам берүү. - КЭКке мүчө мамлекеттердин президенттери, өкмөт башчылары жана тышкы иштер министрлеринин жыйындарында чыгарылган чечимдердин иш жүзүнө ашуусу үчүн керектүү болгон мыйзамдуу иштерди жүргүзүү. - Кара деңиз аймагында демократиялык системанын түзүлүшүнө жана саясий стабилдүүлүктүн камсыз кылынуусуна жардам берүү. - Эл аралык жана регионалдык деңгээлдеги башка уюмдар менен КЭКтин кызматташуусун камсыз кылуу. КЭКтин башкы декларациясында белгиленген максаттардын ишке ашуусу үчүн КЭК Кеңеши түзүлгөн. Ал КЭКке мүчө мамлекеттердин ички иш чөйрөсүн көзөмөлдөйт.

1992-жылы 31- августта Стамбулда болуп өткөн жыйында КЭКке мүчө өлкөлөрдөгү менчик тармактарды көзөмөлдөгөн кандайдыр бир борбордун ачылышы жана бул борбордун Стамбулда жайгаштырылышы пландаштырылган. КЭК Кеңеши 11 мүчө өлкөнүн ортосундагы соода-сатык жана өнөр-жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9