Кара жамгыр

Википедия дан

Кара жамгыр, кара жаан – төкмө жаан; түнөрүп, асманды чүмкөгөн калың булуттан катуу жаайт. Кара жаан көпкө созулса, кээде селге айланып, жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, аңыздарга кум, таш шилеп келип, чарбага зыян келтириши мүмкүн. Ак жаандан айырмасы – кара жаандын суусу тез агып, кыртышка көп сиңбегендиктен, эгинди, өсүмдүктөрдү ным менен жетишерлик камсыз кыла албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]