Кара моюл
Көрүнүш
Кара моюл (Rhamnus) – өсүмдүктөрдүн крушиналар тукумундагы уруусу. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип, тушташ же топтошуп жайгашкан. Гүлү майда, бир, кээде 2 жыныстуу, чачыдай, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Мөмөсү сөөкчөдөй, ширелүү, уругу сүйрү. Жер бетинде 140тай түрү бар. Европа, Африка, Азия, Сибирь, Ыраакы Чыгышта кездешет. Кыргызстанда 3 түрү бадал арасында, тоодо өсөт. Ич алдырма кара моюл Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет. Кооз өсүмдүк. Бышкан мөмөсү кайнатылып, ич алма жана кустургуч дары катары пайдаланылат. Жалбырагында С витамини, кабыгында өңдөгүч зат болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9