Кара табылгыты шаар калдыгы

Википедия дан

Кара табылгыты шаар калдыгы – 6–8-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын дарыясы. Тогуз-Тородон Кетмен-Төбөгө бурулуп аккан жердеги Кара-Табылгыты секисинде жайгашкан. Чарчы түрдө, дубалдарынын узундугу 200 м. Батыш жана чыгыш дубалдарында эшик, Түндүк жана Түштүк тарабында дарбазанын орду байкалат. Дубалдары бийик мунаралар менен бекемделген. Бурчтарындагы негизги мунараларды эсептебегенде, Түндүк жана түш тарабында 7ден, чыгыш жана батыш дубалдарында 8ден мунара болгон. Казуу учурунда түрк элдериникине түспөлдөш карапа сыныктары, идиштер табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]