Кара (эпитет)

Википедия дан

Кара (эпитет) — элдик оозеки чыгармаларда, эпостордо эпитет жана символдук маааниде колдонулат. Кара кан, Кара дөө, Кара жер, Кара кабылан,Алп кара кушөңдүү энчилүү аттардын тутумунда келген К. сөзү өң-түскө байланыштуу эмес, күчтүү, өтө зор, опсуз айбаттуу, алп, каардуу, тайманбас, эр жүрөк же анын тескерисинче терс кыял, кырс, орой, ой-санаасы арам, мүнөзү жаман деген мааниде айтылган. Мисалы, "Кара оозуңа кан толгур, Кандай неме айтты экен" (Саякбай Каралаев, 1. 138). Этноним сөздөр менен бирге келгенде өтө көп, сан жеткис, эсепсиз, опсуз көп, быкылдаган, бүткүл деген мааниде айтылган: "Ойроттон чыккан жол менен, Орчун кара кол менен". К. тирек, жөлөк, таяныч, медер тутуу символу катары келет: "Кабар уккан сөзүмдөн, Жакшы келдиң кандарым Кара учканда көзүмдө" (Сагымбай Орозбаков, 2. 77). К. эпосто тарыхый термин иретинде калайык, эл, будун, кул, күң сыяктуу сөздөр менен тутумдашып келип (кара калайык, кара калың эл, кара будун, кара күн, кара кул) элдин төмөнкү катмарын билдирет. К. элдин же адам башына түшкөн катаал кезең, азап-муң, оор турмуш же коомдогу алааматты билгизген: "Кара түшүп башына, Качкан кыргыз мындан көп". К. эпосто бодо мал деген мааниде да айтылат: "Канды булоон болушуп, Кара малдан союшуп" (Сагымбай Орозбаков, 1. 216).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4