Карбонатит кендери

Википедия дан

Карбонатит кендери – ультранегиздүү, жегичтүү тектер менен байланышкан кендердин тобу. Сейрек кездешүүчү элементтердин (ниобий, тантал, цезий жана башка) жана кен таш эмес сырьёлордун (апатит, флогопит, вермукулит) өнөр жай кендери. Негизинен 6 кен таштуу тоо формациясына бөлүнөт: 1) перовскит-титанмагнетиттүү гипербазиттердин арасында линза, тарам, зона түрүндө орун алган формация. Мындан темир, титан, тантал, ниобий жана сейрек кездешүүчү элементтер өндүрүлөт; 2) уртит-ийолиттердеги алюминий өндүрүлүүчү нефелиндүү тектер. Түспөлсүз же тарам түрүндө кездешет; 3) апатит-магнетит-форстериттүү тектер. Шток, штокверк түрүндө орун алат. Темир, фосфор, тантал, ниобий, цирконий, уран алынат; 4) флогопиттүү скарндар. Линза, тарам, зона түрүндө жолугат. Флогопит, вермикулит, фосфор өндүрүлөт; 5) гатчеттолит-пирохлор-кальциттүү карбонаттар. Зона, штокверк, түтүнчө түрдө кездешет. Арасында ниобийдин ири кени орун алат. Тантал, фосфор, уран, торий, цирконий кендери топтолот; 6) колумбит-бастенизит-анкерит карбонаттары. Салаа, штокверк, тарам пайда кылат. Ниобий, цезий, торий, молибден, жез кендери өндүрүлөт. Ири кендери Африкада (фосфор, ниобий, тантал), Канада менен Бразилияда (ниобий), Сибирь менен Казакстанда (флогопит, вермикулит, темир) жана башка жерлерде жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]