Кардано механизми
Кардано механизми – бири бирине карата кандайдыр бурч менен жайгашып, октору бир түз сызыкта жатпаган, жетелөөчү валдын айлануу кыймылын жетеленүүчү валга өткөрүүчү түзүлмө. Италиялык окумуштуу Ж. Карданонун атынан аталган. Кардано кыймыл өткөрүүчү кардано валынан жана шарнирлерден турат. Кардано механизми автомобилдерде, тракторлордо жана башка транспорт машиналарында айлануу учурун кыймыл өткөрүү кутусунан же бөлүштүргүч кутудан жетелөөчү мосттун башкы кыймыл өткөргүчүнө берүү үчүн колдонулат. Жетеленүүчү валдын бир калыпта айланышын камсыз кылуу үчүн эки эселенген кардано механизми менен колдонуу ыңгайлуу. Анын жантаюу бурчу 38°ка жетет. Ал эми валдардын жантаюусу 3–5°болгондо серпилгичтүү кардано механизми колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9