Карелин сойлогу

Википедия дан

Карелин сойлогу (лат. Coluber karelini) – суу жыландар уруусундагы жылан. Бул түр Орто Азиянын жана Казахстандын Кызыл-Кумдун, Моюнкумдун кумдуу, чополуу талааларда, тоо этектеринде, күнгөй беттеринде, тоодо 1800 м бийиктиги кеңири таралган. Кыргызстанда К. с. сейрек жолугат. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк бетинде Караарча капчыгайында жолуккан, Фергана өрөөндөрүндө Кокондо жашоолору байкалган. Күн ысыкта, күүгүм талаш, түнкүсүн демилгелүү болуп, майда кемирүүчүлөр жана кескелдириктер менен азыктанат. Бир жылда бир жолу төлдөйт, 4-9 жумуртка тууйт. К. с. аз саны азайып жаткандыктан корукка алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]