Кариа сүрөсү
- 101-сүрө
Кориа сүрөсү (1) жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 11 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Кориа1
- 2. Кориа эмне өзү?! (2)
- 3. (О, Мухаммад!) Сен Кориа эмне экенин билбейсиң!
- 4. Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп калат. (3)
- 5. Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
- 6. Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
- 7. Көңүлүндөгүдөй жашоодо (Бейиште) болот.
- 8. Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
- 9. Анын энеси - "Хаавия!"
- 10. (О, Мухаммад) сен "Хаавия" эмне экенин билбейсиң.
- 11. Ал - катуу кызытылган тозок!