Кариб деңизинин каракчылары: Дүйнөнүн соңу

Википедия дан

"Кариб деңизинин каракчылары: Дүйнөнүн соңу" (англ. Pirates of the Caribbean: At World's End, орус. Пираты Карибского моря: На краю света) — 2007-жылы Америкада жарык көргөн эпикалык фантастикалык тасма жана "Кариб деңизинин каракчылары" сериясынын 3-бөлүмү (башында акыркысы болот деп пландалган болчу). Тасма көрармандарды Уилл Тернер (Орландо Блум), Элизабет Суонн (Кира Найтли), Гектор Барбосса Гектор Барбосса (Жеффри Раш) жана Кара бермет тобу Капитан Жэк Таранчыны Дэйви Жонстун жашырын жайынан куткарышы тууралуу окуяларга жетелейт. Андан кийин алар Чыгыш Индия соода компаниясы менен салгылашууга даярданышып, алардын башында Дэйви Жонсту көзөмөлдөгөн жана каракчылыкты түбөлүккө жок кылууну пландаган Катлер Бекетт (Том Холландер) турган болот. Гор Вербински режиссерлук кылган бул сериядагы соңку тасма. 300 млн доллар бюджет менен тартылган "Кариб деңизинин каракчылары: Дүйнөнүн соңу" инфляцияны эсепке албаганда ошол убактагы эң кымбат тасма болуп калган.

Тасма АКШда 2007-жылдын 25-майында Walt Disney Pictures компаниясы тарабынан кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Киносынчылардын пикири бир беткей болгон эмес: кинотасма аткаруу чеберчилиги, музыкасы, сахналары, атайын эффектери үчүн алкышка татыса, мазмуну жана мөөнөтү боюнча сынга кабылган. "Дүйнөнүн соңу" кассалык жыйымдар боюнча алдыга озуп чыгып, 2007-жылдагы тасмалардын ичинен дүйнө жүзү боюнча 960 млн доллар чогултуп ийгиликке жеткен. Фильм Оскардын "Эң мыкты чач жасалгасы жана грим" жана "Эң мыкты визуалдык эффект" сыйлыктарына көрсөтүлүп, экөөнү тең "Кызгылт түстөгү жашоо" менен "Алтын компаска" тиешелүү түрдө уттуруп жиберген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]