Кариева Умсун
Кариева Умсун Саймачы жана куракчы. 1938-ж. Ноокат районундагы Найман айылында төрөлгөн.
Кыйла жылдары малчылыкта иштеген. Азыр Темир-Корук айылында жашайт. Ал саймачылыгында көбүнчө балыш, жаздык, туштук өңдүүлөргө назар таштайт. Анда «илме дос», «илме сайма» басымдуулук кылат. Тагыраак айтканда бир табакчанын ортосунан өзөк чыгарып, аны «суу» же «секиртме сайма» аркылуу бөлүп, табакчанын төрт бурчунан «кайкалак көчөтүн» (мүйүз оюму), «жарым бадам көчөтүн» же «калемпир көчөтүн» берет. Ошондо төрт табакча буюмдун ортолук көчөтүн түзөт да, алардын жарым табакчалары колтук көчөт болот. Умсун «суу» жүргүзүүнүн ордуна көбүнчө «секиртме сайма» менен негизги көчөттөрдүн араларын бөлөт. Уздун курактары сайма буюмдарына эриш-аркак түшөт же өзүнчө буюм-үлгү катары каралат. Анын «кымжат курагы» баткендиктердин «кунаба курагына» үндөшөт. «Кара көз курагы» (торпок кирпик, музоо кирпик) өңдүү курактары майда түшөт. Сайма менен сайылгандай баамдалат. «Каттама курак», «турна курак» өңдүүлөрүн балыш, жаздыктарга арбын пайдаланат. Эмгеги баттамада.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0