Жээнбек Каримов

Википедия дан
Каримов, Жээнбек‎»‎ барагынан багытталды)

Каримов, Жээнбек - публицист, сатирик. Алай районунун Гүлчө кыштагында 1945-жылы 31-январда туулган. 1964–1966-жж. Казакстандын Жамбул шаарындагы эсеп-кысап техникумунда окуп, 1966–1975-жж. Алай райондук статистика башкармасынын ар түрдүү кызматтарында, 1970–1975-жж. ошол башкармалыктын начальниги болгон.

1975–1979-жж. Ленин атындагы совхоздо, 1980–1981-жж. Алай ПМКсында, 1981–1984-жж. Алай райондук «Живпром» бирикмесинде баш бухгалтер, 1984-жылдын апрелинен Ош облустук «Живпром» башкармасында бөлүм башчы, 1986-жылы Ош облустук агропром комитетинин контролдук-текшерүү бөлүмүнүн начальниги, 1994-жылы аудитордук «Ош-Эсеп» фирмасын уюштуруп, анын директору болуп иштеген.

Эсеп-кысап тармагындагы көп жылдык үзүрлүү кызматы үчүн «Эмгектин ардагери» медалы (1988) жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995) менен сыйланган.

Ж.Каримовдун «Желдеңбай» аттуу алгачкы сатиралык аңгемеси 1967-жылдын 23-мартында Алай райондук «Күжүрмөн эмгек» гезитине жарыяланган. Ошондон бери сатиралары, экономикалык өнүгүүнүн көйгөйлөрүн иликтеген макалалары республикалык, облустук гезит-журналдарда жарыяланып келген.

1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Коомдук башталышта 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Оштогу бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, ал эми 1999-жылдан Ош облустук шахматчылар федерациясынын төрагасы.

Ж.Каримовдун «Бекмамат Осмонов» аттуу китеби Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу тарабынан 1998-жылы «Жылдын эң мыкты китеби» деп табылган жана облустук мамадминистрациянын Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоконун жоруктары: Сатира. – Б., 1991. – 64 б.

Кызганчаак эркек: Сатира. – Б., 1993.– 102 б.

Бооз имиш тообо: Сатира. – Ош, 1996. – 96 б.

Бекмамат Осмонов: Көркөм баян, – Б., 1998. – 288 б.

Ош жазуучулары, маалыматнаме – Ош., 2000. – 94 б.

Ысырыкчы кыз: Аңгемелер – Ош., 2001. – 120 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]