Кариотип

Википедия дан
Кариотип -‎»‎ барагынан багытталды)
Кариотип.

Кариотип - тигил же бул түргө мүнөздүү болгон хромосомдордун жыйындысынын белгилери (саны, өлчөмү, формасы). Ар бир түрдөгү К-тин туруктуулугу митоз жана мейоздун законченемдүүлүгүнө байланыштуу сакталып турат. К-тин өзгөрүшү хромосомдук жана геномдук мутациялардын натыйжасында болушу мүмкүн. Хромосомдордун жыйындысын изилдөө метафаза учурунда жүргүзүлөт. Хромосомдордун түзүлүш өзгөчөлүгүн изилдөөдө, алардын айрым бөлүктөрүн атайын боёктор менен боёп, аныктоо кеңири таралган. К. изилденип кариограмма түзүлөт. Көп миңдеген өсүмдүктөрдүн , жаныбарлардын жана адамдын К-и изилденген (14-сүрөт).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]