Мазмунга өтүү

Каркастык конструкция

Википедия — ачык энциклопедия

Каркастык конструкция – архитектурадагы эң байыркы конструктивдик системалардын бири. Дубалдары саман, бышпаган кыштан, ылайдан жасалган жыгач каркас илгертеден бери эле токой – түздө жашаган элдерде кеңири тараган. Төрт бурчтуу жана кыйгач устундардын бекем системасынын аркасында ири, көпкө чыдачу курулуштарды тургузууга мүмкүндүк берген фахверк баштапкы К. к-нын жакшыртылган түрү болуп эсептелет. XX кылымда болот каркасты бетон, кыш, айнек, металл эритиндисинен жана башка турган блоктор менен толтуруп, каркастык панель имараттарда жана курулуштарда К. к. металл менен темир бетондун туруктуу структурасы катары кайра калыбына келтириле баштаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]