Каркас-панелдүү конструкциялар
Каркас-панелдүү конструкциялар — көтөрүп туруучу бөлүгү каркастан жана калкалоочу бөлүктөрү панелден жасалган имарат конструкциялары.
Жыгачтан, металлдан, темир-бетондон бир же көп кабаттуу турак жай, коомдук жана өнөр жай имараттарын курууда Каркас-панелдүү конструкциялар кеңири колдонулат. Шамалдын, ар кандай термелтүүчү күчтөрдүн таасиринө дуушар болуучу кеп кабаттуу имараттарда термелтүүчү күчтү тик жана горизонталь абалында коюлган диафрагмага берүүгө жарамдуу болуп байланышкан темир-бетон каркасы көп колдонула. Аз кабаттуу үйлөрдү курууда тик жана жантайыдкы абалда коюлган колонна, устун болуп пайдаланыла турган каркастар керектелет, ал эми калкалоочу конструкциялар жыгач жана жылуулоочу материалдардан даярдалган панель турүндө жасалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |