Каркыра дарыясы

Википедия дан

Каркыра дарыясыКыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу аккан дарыя, Кеген суусунун сол куймасы. Тескей Ала-Тоонун капталынан башталып, түндүктү карай агат. Узундугу 69 км, алабынын аянты 1790 км2. Жогорку бөлүгү Кыргызстандын аймагында кууш өрөөн аркылуу агып өтөт. Ортоңку бөлүгү – Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы; төмөнкү бөлүгү түзөң, саздуу келет. Негизги куймалары: Көк-Жар, Турук, Чоң Жылаңач, Кур-Каркыра, Кичи Жылаңач, Ак-Каркыра, Жел-Каркыра жана башка 140тан ашык майда куймасы, жалпы аянты 0,47 км2 келген 22 көлү бар. Жылдык орточо чыгымы 15,0 м3/сек. Эң көбү 107 м3/сек, эң азы 2,87 м3/сек. Апрелде кире баштап, октябрь–ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]