Мазмунга өтүү

Каркыра туз кени

Википедия — ачык энциклопедия

Каркыра туз кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каркыра суусунун сол жээгинде, Каракол шаарынан 90 км чыгыш түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1800 м бийиктикте. Неоген мезгилинде пайда болгон туздуу катмардын узундугу 15 км, туурасы 2 км. Туздар жер үстүнөн 1,0 – 0,5 м тереңдикте жатат. Жыргалаң жана Тузсуу сууларынын боюнан чыккан туздуу булактардын негизинде, тереңдикте галит тузунун калың кабаты бар деген тыянакка келүүгө болот. Туз кени начар изилденген. Болжол ресурсу 30–40 млн т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]