Карлуктар

Википедия дан

Карлуктар – байыркы түрк урууларынын бири. «Карлук будун» (карлук эли) же «үч карлук» (болот, чигил, таштык) уруу бирикмесин түзүшкөн. Грек окумуштуусу Птолемейдин «Географиясында» карлуктар Алтайды жердеген калк (2-кылым), ал эми 5–6-кылымдардагы маалыматтарда түрк тилдүү теле (телес) урууларынын бири катары эскерилет. 7-кылымдын орто чендеринде Түрк кагандыгынын жоюлушу менен карлуктар күчөй баштаган. М. Кашгари карлуктарды огуздар эмес, башка көчмөн түрк урууларынын бири деп эсептеген. 8–10-кылымдарда карлуктарга тухси, чигил, халаджи жана башка уруулар кирсе, Ал Марвази (12-кылым) аларга дагы 9 урууну киргизген. Карлуктар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенип, соода жүргүзүшкөн. Карлук мамлекети ыдырагандан кийин карлуктар башка, түрк тилдүү элдердин этностук курамын түзүп калышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]