Роман Кармен

Википедия дан
Кармен Роман Лазаревич‎»‎ барагынан багытталды)

Кармен Роман Лазаревич [16 (29). 11. 1906, Одесса – 28. 4. 1978, Москва] – советтик кинорежиссёр, сценарист, журналист, документ кинонун оператору, СССР эл артисти (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976), Азербайжан ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1959). Москва мамлекеттик кинематография институтунун оператор бөлүмүн бүткөн (1932). 1920-жылы «Вечерняя Москва» гезитинде, «30 дней»,«Огонёк» журналдарында фото-корреспондент жана (документ) кинодо иштеген. 1932–35-жылдары «Союз киножурналды» чыгарууда ыкчам репортаждарды, портреттик очерктерди даярдаган жана монтаждаган («Үйдө», «Анна Масонованын отчёту», «Негр Робинсон – Моссоветтин депутаты» жана башка). 1936-жылы Испанияга (интернационалдык бригадалардын катарында салгылашып, кино да тарткан), кийин Кытайга барган. Тарткан материалдарынын негизинде Испаниядагы окуялар тууралуу (20 чыгарылыш, 1936–37), «Кытай күрөштө» (3 чыгарылыш, 1938) киножурналдары, ошондой эле «Испания» (режиссёр Э. И. Шуб), «Кытайдын өзгөчө району» (режиссёр М. Я. Слуцкий), экөө тең – 1939, «Кытайда» (1941, режиссёр, оператор жана тексттин автору Кармен) жана башка фильмдер жаралган. Слуцкий менен бирге көлөмдүү, татаал техникалык документ фильмдерди («Седовчулар», 1939; «Жаңы дүйнөнүн бир күнү», 1940) тартууга жана монтаждоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронттук кинооператор катары «Москванын жанында немец армиясын талкалоо» (1942), «Берлин» ж. б. фильмдер үчүн материал жыйнаган. 1946-жылы Нюрнберг процесси жөнүндө «Элдин өкүмү» фильмин тарткан. «Каспий нефтичилери жөнүндө повесть» (1953), «Деңизди багындыруучулар» (1959) фильмдери Лениндик сыйлыкка арзыган (1960). «Вьетнам» (1955), «Индия таңы» (1956), «Алоолонгон арал» (1961), «Улуу Ата Мекендик» (2 сериялуу, 1965), «Гренада, Гренада, Гренадам менин» (К. Симонов менен бирге, 1968), «Жолдош Берлин» (1969), «Алоолонгон континент» (1972), «Чили: күрөштүн жана тынчсыздануунун убагы» (1973), «Камарадос» (1974), «Корваландын жүрөгү» (1974) жана башка фильмдери бар. Ошондой эле биринчи советтик-америкалык «Улуу Ата Мекендик» документ долбоорду жетектеген (1979, 20 фильм; Кармендин – «22-июнь 1941» жана «Белгисиз солдат» фильмдеринин режиссёру). Документ кино жөнүндөгү көптөгөн публицистикалык жана тарыхый-теориялык макалалардын автору. 1970-жылдан ВГИКте профессор, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1942, 1947, 1952, 1975). Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]