Кармышева Балкис (Бэлькис) Халиловна -

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Кармышева Балкис (Бэлькис) Халиловна - белгилүү этнограф-тарыхчы, Орто Азия элдеринин түрк тилдүү калктарынын тарыхый этнографиясы боюнча таанымал адис, тарых илимдеринин доктору, профессор. Каратегин кыргыздары боюнча (Каратегинские киргизы [монография] / Б. Х. Кармышева; отв. ред. С. С. Губарева, С. Н. Абашин; сост. авт. вступ. ст. и слов. мест. терминов С. С. Губарева; Рос. акад. наук, Ин-т этнологии и антропологии им. Н. Н. Миклухо-Маклая. - М. : Наука, 2009. - 283 с) фундаменталдуу эмгекти даярдаган. Тилекке каршы, бул эмгек Б.Х.Кармышеванын көзү өткөндөн кийин окуучулары тарабынан редакцияланып, басмадан чыгарылган. Памирди иликтөө учурунда каратегиндик кыргыздардын ичинде да изилдөөлордү жүргүзгөн. Каратегиндик кыргыздар, көчмөн өзбектер )коңураттар, катагандар, барластар, карлуктар, кесамирлер ж.б), орто азиялык майда түрк этностору боюнча көп сандаган илимий эмгектердин автору. Б.Х.Кармышеванын эмгектери этностордун тарыхы, этнографиялык салыштырма изилдөөлөрү, этнография, этнология жана антропология илиминдеги үлгү боло турган эмгектердин көч башы, усулдук жактан таянуучу көрсөткүчү болуп калды. 1916-ж. Кытайдын Синьзянь аймагындагы Кулжа шаарында соода тармагында иштегин адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту татар. 1930-ж. атасы репрессияга дуушар болуп, Колымага сүргүнгө айдалган. Өзбекстандын Анжиян шаарында жашашып, андагы текстил комбинатында, айылдык советте, Чимкенттин Аксу-Жабарлы коругунда, аба ырайды байкоочу, мугалимдик кесиптерде эмгектенет. 1946-ж. Ташкент мамлекеттик университетинде ареолог М.Е.Массондун кафедрасынан билим алат. Душанбеге жолдома алып, Тажикстан ИАсынын Тарых, археология жана этнография институтунда (1946-1956 жж) илимдеги эмгек жолун баштайт. Институтта окумуштуу-катчы, улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1956-ж. СССР ИАсынын Этнография институтуна которулат. 1950-ж. Ленинграддагы СССР ИАсынын Этнография институтуна аспирантурага тапшырган эле. Илимий жетекчиси атактуу этнограф Л.П.Потапов болгон. Б.Х.Кармышева алгачкылардан болуп Тажикстан жана Өзбекстандын этникалык тарыхы боюнча байланышкан изилдөөлөрдү ишке ашырган окумуштуу. Конурат, катаган, лакай, кесамир, карлук, түрк ж.б. этнографиялык топтор боюнча алгачкы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Б.Х.Кармышева кыргыз этнография илими үчүн да адистерди даярдап берген 2000-ж. Москва шаарында каза болгон.

Негизги эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Узбеки-локайцы Южного Таджикистана. -Сталинабад, 1959.
  2. Кочевая степь Мавераннахра и ее население в конце XIX — начале XX века (по этнографическим данным)» 1976,
  3. О торговле в восточных бекствах Бухарского ханства в начале XX в.
  4. Очерки этнической истории южных районов Таджикистана и Узбекистана (по этнографическим данным). М., 1976.
  5. Среднеазиатские арабы // Народы Средн. Азии и Казахстана. Т. 2. М.: 1963. С. 582—596.
  6. Тадж.-узб. народный географический термин вилаят // Этнография имен. -М., 1971. С. 212—218. Очерки этнической истории южных районов Таджикистана и Узбекистана / АН СССР. Ин-т этнографии. М.: Наука, 1976, 323 с. (Защ. как докт. дисс.)
  7. Следы средневековых этнонимов и антропонимов в узбекских генеалогиях // Ономастика Средн. Азии. М., 1978. С 18-27.
  8. Кочевая степь Мавераннахра и ее население в конце XIX — начале XX в.: (По этнографич. данным) // Сов. Этнография. 1980, № 1. С. 46-55;
  9. Архаическая символика в погребально-поминальной обрядности узбеков Ферганы // Древние обряды, верования и культы народов Средней Азии (историко-этнографические очерки). М, 1986;
  10. К вопросу о культовом значении конных игр в Средней Азии // Прошлое Средней Азии (археология, нумизматика и эпиграфика, этнография). Душанбе, 1987.
  11. К вопросу об украшениях из птичьих перьев у народов Средней Азии и Казахстана // Этническая история и традиционная культура народов Средней Азии и Казахстана. Нукус, 1989;
  12. Этнической истории туркмен Среднеазиатского междуречья // Туркмены в Среднеаз. междуречье. Ашхабад, 1989;
  13. Этнические процессы у населения горной зоны Средней Азии в новое время// Проблемы этногенеза и этнической истории народов Средней Азии и Казахстана. Вып. 3. Этнография. М 199;
  14. Узбеки племени кыргыз в Среднезеравшанской долине // Этнограф, обозрение. 1997. № 2;
  15. Основ. виды переносного жилища узбеков // Кочевое жилище народов Средней Азии и Казахстана. М., 2000;
  16. Комментарий к разделу «Свадебные обряды у киргизов» Ф. А. Фиельструпа // Антропологические и этнографические сведения о населении Средней Азии. М., 2000 (в соавт. с С. С. Губаевой).
  17. Губаева С. С. Балкис Халиловна Кармышева (13.07.1916-09.10.2000) // Этнографическое Обозрение, 2001, № 3, 154—157.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015