Карсамбач

Википедия дан
Карсамбач

Карсамбач (түркчө: karsambaç) – тегизделип алынган муз же таза кардын үстүнө сироп кошулуп жасалган таттуунун бир түрү. Ал Түркиянын түштүк аймактарындагы (Адана, Кахраман Мараш ж.б.) жайлоолорго мүнөздүү. Карсамбач шаарларда жазында, жайлоолордо болсо суук мезгилдерде желгендиги менен, өзгөчө карама-каршылыктарды түзүп турат.

Даярдоо ыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курамы муз жана сироптон турат. Муз атайын калыпка салынып тегизделип алынат. Муздун ордуна таза карды колдонсо да болот. Муз же кар бир кишиге ылайыкталып, кесеге толтурулат. Андан кийин муздун же кардын үстүнө сироп куюлат. Кооздук үчүн кесенин үстүнө жалбыздын жалбырагы жабылат же шекер себилип коюлат.

Кар топтоп жатканда кардын үстүңкү катмарындагы чаң жана зыяндуу заттарды ичке кылып күрөп алуу керек. Муну менен катар кардын таза болуусуна көңүл буруу зарыл. Ал үчүн кургак жана аппак карды топтоого аракет кылынат.

Карсамбач дүйнөлүк ашканада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карсамбачка окшогон таттуу АКШнын Луизиана штатында да жасалат. Таза кардын үстүнө кант камышынын сиробу куюлат. Айрым даярдоо ыгына жараша музга ванилин, сүт жана шекер сыяктуу азыктар же жумуртканын агы кошулат. Бул ыкма менен жасалган таттуу «кар балмуздагы» (snow ice cream) деп аталат.

Канаданын ашканасындагы tire d'érable да кар колдонулуп жасалган таттуунун бир түрү.

Малайзияда да муздан Ais Kachang деген таттуу жасалат. Ага шербеттен тышкары жаңгак, жер жаңгак, айрым учурларда маис жана буурчак кошулат.